Menu

Манас Осмон, журналист: “Азаттык” эми Атамбаевдин күмөндүү бийлигин иликтесин!”

Бөлүшүү:

“Азаттык” радиосунун «Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо» аттуу журналисттик иликтөөсү учурда социалдык тармактарда катуу сынга алынып, ар ким өз пикирин жазууда. Алардын арасында журналисттер да бар. Буга чейин журналисттер: Эрнис Кыязов менен Шайырбек Абдырахманов өз пикирин айтып, жазып чыккан. Журналист Манас Осмон да пикирин билдирди. Ал төмөндө:

Америкадан каржыланган “Азаттыктын” иликтөөсү ушинтип, каралоо механизмасы менен бир топ саясатчыны жана өлкө башчыны бутага алды. Жамандык издеген “жаман адамдар” депутат Төрөбай Закиров менен муфтий Максат ажы Токтомушев сыяктуу элибиздин белдүү жигиттерин да, каралаганга өтүштү. Айрым трайбалисттер президент Сооронбай Жээнбеков 2011-жылдан бери өлкөнү башкарып аткансып, Айэркен Саймаитинин кылмыштуу системасына кол кабыш кылгансың дегендей тымызын көкүтүп атышат.

“Азаттык” радиосу күнөөкөр тапкысы келсе, 2010-жылдан 2017-жылга чейин өлкөнүн ашмалтайын чыгарган Алмазбек Атамбаевди, анын кылмыштуу тобун күнөөлөсүн. Бул боюнча укук коргоо органдары жетиштүү далилдерди бере алышат. Мекенибизди же президентти, анын командасын бир ууч адамдардын бутасына айландырбайбыз. Карапайым калк мындай башаламандыкты көксөгөн алабармандарга уруксат бербейт. Андыктан, төңкөрүштү көксөгөндөр алгач, эл алдында эсеп берсин!

“Азаттык” ушунчалык адилеттүү, мекенчил экен, анда эмне үчүн ушул изилдөөлөрүн Айэркен Саймаитинин бизнеси гүлдөп аткан 2011-2016- жылдары ишке ашырбайт”,- деген пикирлер бар. Чын эле, эмне үчүн Алмазбек Атамбаевге кайрылып, өнүккөн коррупциялык системанын өкүлү болгон Субухи Пархатиге “мүлкүңүздү сатпаңыз?”-деп, ошол кезде кеңешин бере алган эмес.

Мурунку президенттин кылмыштуу мурасын түшүнүп, талдаганга мезгил келди. Ал мурас ЖЭБ (ТЭЦ), музей, түндүк-түштүк ажырымы, өлкөнүн эңшерилген экономикасы, кадыры кеткен мамлекеттик кызматтар, тышкы карыз, 700 миллиондун чуусу жана башка… Ушул проблемалардын баарын Алмазбек Атамбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго мураска калтырып кеткен. Андыктан, жалаа жабаардан мурда проблеманын өзөгүндө ким бар экенин териштирип алуу да, журналистиканын адеп, ахлактарына кирет!”,-деп жазган журналист Манас Осмон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: