Menu

ДСУнун башчысы өлкөлөргө жаңы пандемияга даярданууга кеңеш берди

Бөлүшүү:

“Оорулардын чыгышы жана пандемиялар адам жашоосунун бир бөлүгү болуп саналат жана бардык мамлекеттер аларга азыркы коронавирус пандемиясына караганда көбүрөөк даярдануу керек” – деп билдирди Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адан Гебресиесус. Анын Женевада өткөн брифингде сүйлөгөн сөзү уюмдун YouTube каналында бар экендиги РБК басылмасы жазды.

“Бул акыркы пандемия эмес. Тарых бизге эпидемия жана пандемия жашоонун бир бөлүгү экендигин үйрөтөт” – деп билдирди Гейберус.

Ал акыркы жылдары көптөгөн өлкөлөр коомдук саламаттыкты сактоо тармагын көз жаздымда калтырышканын белгиледи.

“Кийинки пандемия келгенде, дүйнө ушул убакка караганда көбүрөөк даярданышы керек” – дейт ДСУнун башчысы.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул коронавирустун жаңы түрү –  COVID-19 экени аныкталган. ДСУ 11-мартта пандемия жарыялаган, анда дүйнөнүн 114 өлкөсүндө буга чейин 118 миң адам ооруп, каза болгондордун саны 4 миң адамдан ашкан. Ошол кездеги сүйлөгөн сөзүндө Гебрейесус акыркы эки жумада Кытайдан тышкары жугуштуу оорулардын саны 13 эсеге көбөйүп, эпидемия катталган өлкөлөрдүн саны үч эсеге көбөйгөнүн айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: