Ысык-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү өздүк куралын жоготуп жибергендиги боюнча маалымат тараган эле. Калайман түшүп, сейфке салган боюнча жоголуп кеткенин айтып издеп жатышкан. Көрсө аягын тыя албаган тергөөчүнүн тапанчасын Караколдон келип бирге түнөгөн Жазгуль аттуу ойношу алып койгон экен. Ошентип Ысык-Көл милициясында дициплина жоктугунан тигинтип тергөөчүлөрү ойнош күтүп, анысы аз келгенсип тапанча жоготуп жатышат. Куралды алып жүрүү боюнча эрежени билбеген милиция милициябы? Уят эле… бирок ошол эле учурда башка милицияларга да сабак болду.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ