Кыргызстандын Башкы штабынын Улан аттуу подполковниги Казакстанда наркотик менен кармалып, бир айга жабылганын билдик. Учурда аталган окуяны ар ким ар кандай божомолдоп жатышат. Коомчулукта болсо казак-кыргыз чек арасы боюнча жаралган маселенин жыйынтыгы деген пикир көбүрөөк айтылууда. Подполковник 15-октябрда “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинен маңзат менен колго түшкөнү айтылууда. Аны “Кыйрабас боордоштук-2017” аттуу ЖККУнун биргелешкен машыгуусуна катышып келаткан учурда казак чек арачылары колго түшүргөн. Албетте бул абдан жагымсыз кабар жана Кыргызстан үчүн чоң сокку болуп саналат. Генералдык штабга реформа жана катуу тартип керек болуп калган окшойт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ