Кыргыз парламенти жаңы төрагалуу болду. Бул сапар бакыт кушу “Кыргызстан” фракциясынын депутаты, айтылуу Сабырбек Жумабековдун бир тууган иниси Дастан Жумабековго конду. Дастан Жумабеков кыргыз парламентинин тарыхында эң жаш төрага болуп калды. Ал жаш болсо да өз оюн тартынбастан айта алган, өз көз карашы бар, принциптүү депутат экенин парламенттин эки жолку чакырылышында көрсөтө алды. Жогорку Кеңешке эки сөздү кошуп сүйлөгөнгө жарыбаган Айтибай Тагаевдер деле төрагалык кылбадыбы. Бир күн төрага болуп тарыхта калгандар болду. Дастан Жумабеков аларга караган иш билгилиги менен айырмалана алат. Жогор жактан команда күтүп, кимдир бирөөлөрдүн айтканы менен иш алып барбай, өз алдынча болуп, парламенттин күчүн көрсөтүүгө эрки жетсе, Жумабековдун кадыр-баркы калк арасында күчөйт.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ