Menu

Сот $2000 пара менен колго түшкөн Бишкек милициясынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн начальнигин актап жиберди

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук соту коркутуу жолу менен пара талап кылып, $2000 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн Бишкек шаардык милициясынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн экс-начальниги Б.К.ны жана ага жардам берип, жанында баңгизат сактап жүргөн тууганы, кызматкери Р.М.ны 2017-жылдын 10-ноябрында актап жиберген.

УКМКнын тергөө бөлүмүнүн айыптоосунда 2015-жылы 23-июлда Бишкек шаардык милициясынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн начальниги Б.К. өзүнүн машинасы менен И. уулу З. аттуу жарандын үйүнө келип, “сөз бар” деген шылтоо менен аны өзү иштеген кабинетине алып келип, “сен наркотик сата тургандыгың тууралу маалымат түштү” деп билдирет. Анан бул маалыматты жаап салуу үчүн 10 миң доллар пара сурайт. И. уулу З. андай акчам жок дегенде сураган парасын азайтып, 8 миң долларга түшүрөт. Эгер көнбөсөң азыр өзүм эле сенин чөнтөгүңө 50 ширенкенин кутучасындагы наркотик салып коём деп коркутат да бирөөгө телефон чалса ал чын эле наркотик көтөрүп келет. Ага да көнбөгөн И. уулу З.нын колуна милициянын кол кишенин салып кабинеттеги темирге байлап коёт да ура баштайт. Эки сааттан ашык кыйнагандан кийин И. уулу З. аргасы жок акча бергенге көнөт.

Кийин соттук-медициналык экспертиза И. уулу З.ну текшерип, анын таяк жегенин аныктап, корутунду берет.

Бир нече күндөн кийин Бишкек шаардык милициясынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн начальниги Б.К өзүнүн кызматкери, тууганы Р.М.ны И. уулу З.нун үйүнө акчага жөнөтөт. Ал тапкан  $1000 акчасын берет.

Экинчи жолу Б.К. өзүнүн кызматкери, тууганы Р.М. менен ошол эле жылдын 11-августунда “Хонда-Фит” машинасы менен И. уулу З.нун үйүнө келет. Ал жерде дагы $1000 пара алып жаткан жеринен УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалат. Ал эми анын кызматкери, тууганы Р.М. нын машинасынан атайын даярдалган наркотиктер табылат. Мунун баары күбөлөрдүн катышуусунда документтештирилет.

Көрсө  $8000 акча табалбаган И. уулу З. УКМКга арыз жазып кайрылган экен.

Ал эми сотто Б.К. “И. уулу З. мага машина алып берем деп $2000 акча алып бербей жүргөнүнөн аны кармап келип урганым чын,  $2000 доллар алганым чын, бирок, ал пара эмес, андан карызды төлөтүп алдым” деп айтса эле сот ишенип, аны да, машинасынан наркотик чыккан анын кызматкери Р.М.ны да актап жиберди.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: