Menu

Ооздорун ачып отура беришсе, АША жакында Кыргызстанды да “легитимдүү эмес” деп чыгат

Бөлүшүү:

Мурда АШАнын Кой-Таштагы хан сарайлуу поместьеси штаттык митингчилердин, бекер тамак ичип, акысыз түнөөчүлөрдүн жайына айланып келсе, мындан ары акысыз концерт, шоу тартуулоочулардын жайына айланат окшоп калды. Чынында АША кыргызстандыктарды зериктирбейт! Ага рационалдуу логикага, мыйзамдуулукка, жөн эле адамгерчиликке негизделген сөздөр, чакырыктар, түшүндүрмөлөр өтпөйт. Прагматикалык жактан алганда, ал Кыргызстандагы реалдуу турмуш менен эсептешкиси, билгиси да келбей параллелдүү башка дүйнөдө жашап келаткандай сыяктанат. Анын себебин саясатчылар, журналисттер эмес, психиатриялык маселелер боюнча бай тажрыйбалары бар адистер гана түшүндүрүшү мүмкүн.

Жакында Кой-Таштагы усадьбасында уюштурган концертти көрүп, анын Ички иштер министрлигине чакырылганына жасаган комментарийлери менен таанышкандан кийин ушундай жыйынтыкка келдик. Тилекке каршы, медициналык маселелерди саясатка, коомдук маселелерге аралаштырып, атайын кызматтарды кыйнап, элди адаштырып, башкаларга гана шерменде болуп жатабыз.

Көрүүчүлөрүнөн ырдап-бийлөөчүлөрү көп түшүнүксүз концерт

АШАнын музыкага, ырга шыгы бар экендиги белгилүү. Президент болуп иштеп турган мезгилинде гитарада 50гө жакын ыр чыгарган. Анча ырды кесипкөй музыканттар өмүр бою деле чыгара алышпайт, Рыспай Абдыкадыров менен Мукан Рыскулбековдун, Калыбек Тагаевдин элге кеңири белгилүү ырлары деле ондон ашпайт. АШАнын ал ырларынын бири деле популярдуу хит болуп кетпегендигине караганда алары деле чаптамай, курамай нерселерден окшойт. Бирок алар АШАда музыканттык, обончулук өзгөчө талант болбогон менен ыр жаатына шыктуу экендигин каңкуулайт. Ага мурда АШАнын жазуучу, котормочу болуп жүргөндүгүн да кошсок, Кой-Таштагы концерттин уюштуруучусу, режиссёру, аткаруучусу да өзү экендиги айкын болот. Адегенде эле ачык айтуу керек, АШАда ар кандай жөндөмдөрдүн учкундары болгон менен бир өзгөчө чоң таланты гана бар, ал – ар кандай жолдор менен акча жасоо. Калгандары өтө эле майда. Ал Кой-Таштагы концерттен да көрүндү. Ал жер да өзүнө окшоп “чымындары” өтө эле майда, дыңылдагандын ордуна чиркейдей кыңылдагандар, эл жакшы билбеген, мурда билсе да, чыгармачылык потенциалдарынын аздыгынан улам акыркы убактарда унутулгандар жана унутула баштагандар гана барышыптыр. Бирок, АША аны билгизбегенге аракеттенди, Раиса айым экөөсү чимириле бийлешип, аягында ургаачы ырчыларга гүлдөрдү, атырларды, эркектерине андан салмактуу нерселерди тапшырды. Ага эреркеген айрым ырчылар АШАны колдой тургандыктарын да айтып жиберишти, бирок буга чейин ырчылардын туруктуу саясый позициялары болорун укпагандыгыбыздан улам, андай сөздөргө ишенгенибиз деле жок. Иши кылып, АША бул жолу Максимден тартып алган жердеги резиденциясында көрүүчүлөрүнөн ырчы-бийчилери көп концертти өткөрдү. Анын максаты эмнеде эле, ал концерт менен нени айткысы, билдиргиси келди, кудай акы анысын түшүнбөдүк.

Эки достун эмес, эки идеологиянын ортосундагы элдешкис күрөш

Биздеги Адахан Мадумаров, Чыныбай Турсунбеков, Рыскелди Момбеков сыяктуу айрым саясатчылар аракеттеги президент менен АШАнын же мыйзамдуулук менен коррупциянын ортосундагы элдешкис күрөштү өтө эле жөнөкөйлөштүрүп, эки адамдын ортосундагы эки тараптан ынтаа ыклас болсо, оңой эле оңдогонго боло турган түшүнбөстүк, нааразылык катарында чечмелеп келатышат. Чындыгында ал идеянын авторлору “Форумда” отургандар, жогоруда аталгандар жөн эле тоту куштардай кайталашууда. Муну менен алар эки максатты көздөшүүдө. Биринчиден, алар С.Жээнбековдун коррупцияга каршы элдешкис күрөшүн жекече ич күптүлөргө негизделген убактылуу кампания катарында көрсөтүп, жаманатты кылууга аракеттенишсе, экинчиден, тымызындан ал күрөшкө бут тосуп, тезирээк токтотууга умтулуп жатышат. Мында Ч.Турсунбековдун позициясын түшүнсө болот, анын артында да калбырлар бар, ал “бир күнү кезек мага да келип калабы?”- деп коркууда. Бирок, эгерде коррупцияга каршы күрөш токтоп калса же артка кайтса, ал үчүн аракеттеги мамлекет башчысын биринчи болуп А.Мадумаров, Р.Жээнбеков өңдүү дүжүр атаандаштары сындап, шыбап чыгышаарын да бөркүңүздөй көрсөңүз болот. Алар жеп-ичти деп айыптаганга же башка өңүттөрдө шыбаганга колго илинерлик эч нерсе табышпагандан улам мына ушул жагынан болсо да кыянаттык кылгылары келишүүдө.

Чындыгын айтканда, бул – элдешкис эки позицияда турган мыйзамдуулук менен жемкорлуктун, тазалык менен ыпластыктын, чындык менен карасанатайлыктын ортосундагы принципиалдуу күрөш. Аракеттеги мамлекет башчысы бул күрөштө элди, мамлекетти талагандарды кустуруп, уурдалгандарды, тонолгондорду ордуларына койдуруп, өлкөнү өнүктүрүп, байытып, элдин келечегин кең, ишенимдүү кылууга умтулса, криминалдык коррупциялык кландык башкаруунун символуна айланган АША тараптагылар уурдагандарын кайтарбоо, коррупциялык иштери үчүн кармалгандарды, камалгандарды кайра эркиндикке чыгарып, өлкөнүн байлыктарына мурдагьщай ээ болуу үчүн кара баштарын, жандарын да аябай турушкандарын маалымдашууда. Аны АШАнын өткөн жылдан берки билдирүүлөрү, өзгөчө акыркы айлардагы бийлик органдарын винтовка, тапанчалар менен опузалаган экстремисттик чакырыктары ырастап атат.

Ооба, чейрек кылымга жакын экөөсүнүн партиялаш, сырдаш болуп келишкендери чын. Бирок кеңири алкактан алганда убагында кимдер менен кимдер гана достошпогон, сырдаш, санаалаш болуп жүрбөгөн? Ага дүйнөлүк түгүл, өлкөдөгү мисалдар деле ашыгы менен жетишет. Б.Осмонов К.Бакиевди айыл өкмөтүнүн деңгээлиндеги бир кызматка айдаарда, аны мактап, жактап, Аскар Акаев алып калып, чоң саясатка жол ачкан. Ал эми убагында К.Бакиевге кол созуп, анын колтугуна кирип, колунан орден да алган Алмаз Атамбаев өзү болгон. Дүйнөдө бардыгы өзгөрөт, бир казандан тамак жеп, бир төшөктө жаткан эрди-катындар да ажырашкан, атүгүл касташкан учурлар азбы? Достук деген түшүнүк деле салыштырмалуу, чечүүчү учурда ар ким өз жолун тандаганга аргасыз болот. АША мурдагыдай коррупциялык жолду кеңейтип, өнүктүрүүнү, өлкөнүн каржылык ресурстарын өлгүчө көзөмөлдөп, өзү каалагандай калчап турууну көздөдү эле, аракеттеги президент андай көрүнүштөрдү жоюп, ууруларды, каракчыларды, ичкичтерди, жегичтерди түрмөгө отургузуп, мамлекеттик машинени, коомдук байлыктарды элдин кызыкчылыктары үчүн иштетүү жолун тандап алды. Ал эл башкарууга аралашкандан бери ушул принципти карманып, аны коомдо бекемдөөгө аракеттенип келгени, чоң чарба таркатылганда да өзү жетекчи болуп туруп андан ашыкча эч нерсе албагандыгы эми ачыкка чыгууда. АША бийликке аралашкандан бери аркасынан калбырлары чубалып келатса, Сооронбай Жээнбеков башынан эле жүрөгүндө кудайы бар Апсамат Масалиевдей кристаллдай таза экен. Экөө бир партияда жүргөндө С.Жээнбековдун кулагына ар кандай сөздөр жетсе да, аларга ишенбеши толук мүмкүн. Качан АШАнын “шишиктеринин, ириңдеринин” баары жарылып, чейрек кылымдан бери кыргызга кылган кыянаттыктары ачыкка чыкканда, достугуна чекит коюп, андан алыстаганга аргасыз болду. Ал үчүн аны айыптоого болбойт, андай учурларда ата менен бала деле эки жээкте калуусу толук мүмкүн. Булар аздык кылса, кайсыл бир улуу саясатчынын “көпүрөдөн эптеп өтүш үчүн шайтандын куйругуна жабышса да боло берет” дегенин эске салгыбыз келет. Муну менен АША аракеттеги президент үчүн шайтандын милдетин аткарды дегибиз келбейт, бирок ошого окшош нерселер болгондугу чындык. Эми жолтоо болгон “шайтанды” мүйүзүнөн алып, жолдон сүйрөп чыгарып таштаганга мезгил келди.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: