Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу чараларын караган мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынган. Бул багытта бир топ коомдук угуулар дагы уюштурулган. Ал эми бүгүн саат 13:00до ушул темага арналган басма сөз жыйыны өткөнү турат. Бул тууралуу кеңири маалымат берип демилгечи депутаттардын атынан Таалайкүл Исакунова бүгүн, 3-ноябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.
“Үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча улуттук жана аймактык деңгээлде ишти координациялай турган орган болуш керек. Ал эми аксакалдар соттору, аялдар кеңештери сыяктуу коомдук уюмдар бир кезде таасирдүү иш алып барчу. Азыр дагы ошол иштин натыйжалуулугун камсыздасак жакшы болмок. Андан сырткары социалдык кызматкерлерден тартып, билим берүү, саламаттык сактоо жана ички иштер тармактарынын өкүлдөрү, кварталдык комитеттердин адистери гана зордук-зомбулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүш керек,- деп аларга түртө салбай, ар бир коңшу-колоңдун дагы бул багыттагы жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруу керек”,- дейт депутат Т.Исакунова.
Ошондой эле демилгечи депутат үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу чараларына деп мамлекеттик бюджеттен канча каражат каралгандыгын сурап, тиешелүү тараптардан так маалымат ала албагандыгын да билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ