Menu

Улуттук валютанын өлкө экономикасындагы ордун бекемдөө чаралары сунушталды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште чет өлкөлүк валюталарга калктын керектөөсүн азайтуу, өлкөнүн экономикасын долларлаштырууну төмөндөтүү, улуттук валютаны жүгүртүү тездигин жогорулатуу максатында иштелип чыккан “Улуттук валютаны бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, сомдун курсун рынок аныктайт, бирок азыркы учурда көптөгөн көйгөйлөр бар. Алардын бири, көптөгөн соода операцияларынын долларды колдонуу менен жүргүзүлүшү. Бул биздин улуттук валютаны алсыз кылууда. Долларына карата сомдун алсызданышы байкалгандыктан, тиешелүү чараларды көрүү зарылчылыгы келип чыккан.

“Улуттук банк жөнүндө” мыйзамга ылайык, өлкө аймагында сом жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат, аны юридикалык жактар жана жеке адамдар чектөөсүз кабыл алууга милдеттүү. Ал эми “Керектөөчүлөрдүн укуктарын колдоо жөнүндө” товарлар жөнүндө маалымат милдеттүү тартипте товарлардын баасын, далдалчылык акылары жана тарифтер улуттук валютада же пайыздык туюнтмада, аларды сатып алуу шарттарын камтышы керек экендиги белгиленген.

Ошондон улам, Жарандык кодекске, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Жарнак жөнүндө” мыйзамга, “КР мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамга, “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: