Menu

«Эл үнү» коомдук -саясий кыймылынын элге Кайрылуусу

Бөлүшүү:

2016-жылдын 18-мартынан баштап Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорун туташтырып турган Кыргызстандын  Сары-Булак айылындагы жолго Өзбекстан согуш техникаларын киргизип, ал жолдон ары- бери каттап жаткан кыргыз жарандарын токтотуп, паспортторун текшерип  кыргыз жеринде кожоюндук жүргүзө баштады. Өзбек тарап «Бул жер Өзбекстандын жери, биз өз жерибизге согуш техникасын киргиздик, кыргыз өкмөтү  элиңерге  жалган маалымат таратып, эки элдин мамилесин татаалдаштарбагыла”- деп катуу  эскертүү жолдоду.
Ошого байланыштуу «Эл үнү» коомдук-саясий кыймылы Ошто 24-мартта өткөрө турган Элдик Курултайдын биринчи этабын 22-мартта Аксы районунда өткөрүүнү жарыялап, жергиликтүү  тургундар менен жолугушуп, анан Ошко барарын  элге жарыялаган.
22-мартта Аксы районунда чогулган элге келсек, өлкөбүздүн  Премъер-министри Т.Сариев эл лидерлерин жабык эшикте жолугалы деп чакырып жатыптыр. Аксынын лидерлери, айта турган сөзүң болсо элге чыгып ачык айт деп, аны эл алдына чыгууга мажбур кылды. Сариев элге чыгып, “бул жер талаш жер, Президентибиз да, мен да бул ишти сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылып жатабыз, оппозициянын сөзүнө азгырылбагыла”- деп сүйлөп, анан “бул иште элден жашырып чече  турган да маселелер  бар” деп, элди тарап кетүүгө үндөдү.
Сариевдин   ушул сөзүнөн кийн «Эл үнү»  коомдук-саясий кыймылынын  лидери    А.Бекназаров, “бул жыйын биздин кыймыл өткөрүп жаткан жыйын, Сиз бул жыйынга кожоюн болуп, элди тарагыла деп айтууга акыңыз жок, Аксы элинин жерин Өзбекстан басып алса да кыргыз бийлиги  эч кандай чара көрбөй жатканынан Аксы эли бул жыйынга келип олтурат. Биз чогулган эл  өз чечимин кабыл алмайынча бул жерден кетпейбиз”- дегенде, аксылыктар  кетпейбиз, кетпейбиз, деп Бекназаровду коштошту.
Урматуу боордоштор, Аксыда өткөн элдик жыйында мындай кайрылуу чечимдери  кабыл алынды.
Биринчи. Урматуу Ислам Абдуганиевич!  Сиз өтө тажырыйбалуу саясатчы катары Атамбаевдинөөдүк-сөөдүк сүйлөгөн сөзүна таарынбаныз.  Кыргыз менен өзбек элинин мазары да, базары да, тарыхы да, келечеги да бир эл. Кыргыз элин сыйлап, биздин аймактан өзбек чек арачыларын чыгарууга  буйрук беришиңизди күтөбүз.
Экинчи. Урматтуу Владимир Владимирович! Сиз ОДКБ уюмунун лидери катары, эки өлкөнүн ортосунда от чыгып кете электе, Кыргызстан менен Өзбекстандын сүйлөшүүлөрүнө  ортомчу жана демилгечи болуп беришиңизди күтөбүз.
Үчүнчү. Эгер кыргыз бийлиги Өзбекстан басып алган жердидипломатиялык жол менен бошотпосо, кыргыз эли өз жерин Өзбекстандан бошотуп алууга даяр экендигин билдиребиз.
Ошондуктан «Эл үнү» коомдук-саясий кыймылы, кыргыз жери өзбектерден бошотулмайынча   24-мартта Ош шаарында дайындалган Элдик Курултайды өткөрбөй турууну туура таап, аталган чечимди Бишкекте пресс-конференция өткөрүү жолу менен жарыялады.
Тилекке каршы, ал пресс-конференцияда айтылган  маалыматтарды бийликтин телерадио, гезит  жана сайттары бурмалап  көрсөткөндүктөн, биз кыргыз элине дагы бир жолу кайрылуу жолдоого мажбур болдук.
Т.Сариевдин Аксыга келгенинин сыры –  Аксыда  жыйын бүткөн күнү түнкү саат үчтөрдө  гана ачыкка чыкты. Сариев Аксынын Унгар тоосун өзбектердики деп документке кол коюп,  ал жердеги  Кыргызстандын телевышкалары башка жакка көчүрүлсүн деп Кербен шаарынын депутаттарына Сариев өз буйругун калтырып кетиптир. Ал жер Өзбекстандыкы эмес,  Кыргызстандын жери болгондуктан, Кербен шаарынын депутаттары Сариевдин буйругуна каршы добуш беришти. Аксыда кечээ бул ишти депутаттар караганын бүгүн Өкмөт элден жашырып, райондун депутаттарына жиберген  өз токтомун  жасалма деп актанып жатат.
Эмне үчүн Премьер-министр Т.Сариев Унгар тоо чокусу Өзбекстандыкы деп атап, расмий документке кол койгон? Ал жерди кайсы бийлик жана качан өзбектерге берип салган? Бул маселени такташ үчүн, кечээ биз атайын пресс-конференция уюштуруп Жогорку Кенешке кайрылдык. Депуттар комиссия түзүп, текшерип, ал документтерди элге жарыяласын десек, ММКлар аны чыгарган жок. Парламенттин фракция жетекчилери, Премъер-министр Т.Сариев менен кечээ жолугушуп,  парламент өкүлдөрүнүн  ал жыйында Өкмөттүн Унгар тоо боюнча чечимин туура  деп тапканы бизди таң калтырып жатат. Парламенттин уруксаты жок кыргыз жерин башка өлкөгө берип коюуга Өкмөттүн укугу жок.
Ошондуктан, биздин  Парламент Өкмөттүн бул жашыруун чечимин  Аксы районунун Кербен шаардык, Кашка-Суу айылдык кенештеринин депутаттарынын катышуусу менен  тез арада   талкуулап жокко чыгарбаса, бул Парламентти да, Өкмөттү да таркатуу керек.
Биздин негизги максат Өзбекстан менен Кыргызстандын демаркация, делимитация маселелерине кол койбой туруп, эмне үчүн Сариев  Унгар тоону Өзбекстандыкы деп буйрукка кол койгонун тактоо. Себеби, өткөн бийлик Үзөнгү-Куушту элден жашырып кытайга берип салгандай, бул бийлик да Унгар тоону элден жашырып өзбектерге берип салгандай туюлуп жатат.  Эгер бул факты аныкталса, анда, “бардыгы менин жеке көзөмөлүмдө” деп жаткан  Атамбаев эл душманы катары отставкага кетип, сот жазасына тартылууга тийиш.
Ата-бабабыздын киндик каны тамган бир тамчы жерди да башкаларга алдырбашыбыз үчүн,  бүгүн Биз Патриоттук Күчтөрдүн Координациялык Кеңешин түздүк. Келгиле, өз жерибизди сактоо, коргоо үчүн биз биригип, бирге күрөшөлү, урматтуу боордоштор!
 
«Эл үнү» коомдук -саясий кыймылы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: