Menu

Тажикстанда бала бакчанын он кызматкери күйдүргү шеги менен ооруканага жаткырылды

Бөлүшүү:

Худжанддагы жеке бала бакчанын кызматкерлери 25-августта ылаңдаган уй этин тамак-ашка колдонгондон кийин Сибирь жарасы шеги менен ооруканага жаткырылды.

Учурда бул окуя боюнча текшерүү жүрүүдө.

Оорукана жетекчилиги бала бакчанын он кызматкери, анын ичинде ашпозчу жана анын жардамчылары дарыланып жатканын маалымдады. 24-августта Курман айтка байланыштуу союлган уй эти бала бакчага берилген. Кызматкерлер аны балдардын тамак-ашы үчүн колдонбой, өз ара бөлүп алышкан.

Худжанд шаарынын инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Баходур Муминов бейтаптар 27-августта күйдүргүгө мүнөздүү тери жаралары менен түшкөнүн айтты.

Шаар бийлиги башка мекемелерде ылаңдаган мал этинин колдонулушунун алдын алуу боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Бул фактыны прокуратура текшерүүдө. Бала бакчага ылаңдаган уй этин ким таратканы аныкталган жок. Худжанд шаарынын санэпидемиологдорунун маалыматы боюнча быйыл аймакта эки жаран Сибирь кулгунасын жуктурган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: