Июль айынын башынан бери төрт киши чөгүп каза болгон Кадамжай районунун Абсамат Масалиев айыл аймагында көлмө көзөмөлгө алынды. Маалым болгондой, жеке ишкерлер тарабынан Исфайрам дарыясынын четинен кум-шагыл алып туруш үчүн суу топтолгон карьер чоң көлмөгө айланып калган. Акыркы он күн ичинде бул карьерде сууга түшүп, 47 жаштагы Ы.Самидинов, 18 жаштагы Р.Бостонов,Д 6 жаштагы Р.Бостонов, 17 жаштагы С.Абдуллаева каза болуп калган.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ