Айрым түштүкчүл аксакалдардын «заарасы башына тээп», «Сокени биз президент кылганбыз, эмнеге ал биздин балдарды жогорку кызматтарга койбойт? Качанкыга чейин Атамбаевге баш ийет, өз алдынча саясатын жүргүзбөйбү?!» дегендей дооматтарын чайханаларда байма-бай айтышып, ачыктан-ачык эле бузукулук жолго бурулушканы кандай? Эскерте кетсек, буга чейин жогорку кызматтарда регионалдык баланска карабастан эле Ош, Жалал-Абад, Баткенден кадрлар ашыгы менен коюлганы факты. Учурда Сооронбай Жээнбеков өзүнүн башкаруу милдеттерине толук кандуу ээ, эң башкысы, күч органдарына коррупция менен күрөшүү боюнча катуу тапшырмаларды берип, күнүгө 12 саат иштеп атканын аппараты билдирүүдө. Ал эми кадрдык кескин түрдө өзгөрүүлөр болбогону – эки достун командасы бир да. Анүстүнө Соке жолдошчулуктун улуу сапаттарын жогору тутуп, идеялаш катары Алмазбек Шаршеновичтин саясатын улантуу үчүн аягына чейин бекем турары белгилүү. Ичтен иритчүлөр канчалык ортого чок салууга ашыгышса да, аракеттеринен майнап чыкпай калды го?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ