Москвадагы азык-түлүк борборлорунун биринде иштеген өзбекстандык ийги иши менен социалдык түйүн колдонуучуларынын жалпы суктануусун жаратты.
Балдар хосписине жардам берүү менен алектенген Ирина Фесенко жаңы жылдык майрамдар үчүн балдарга эки жашик мандарин жана коон сатып алат.
«Сатуучу коонду таразага тартып жатып көп мандарин сатып алып койгон жоксузбу деп сурады. Мен аларды өзүмө эмес, Жаңы жылга карата балдар үйүнө алып барарымды айттым. Ал болсо бир жашик курманы сунуп: алыңыз, менин атыман балдарга берип коесуз деди», — деп жазды Фесенко Фейсбук баракчасына.
«Мен ойлорум аралашып, алсамбы же албай эле койсомбу деп туруп калдым. Тиги болсо: ал балдардын апалары жокпу деп сурады. Мен апалары бар экенин, алардын ооруп жатканын жана анча чоң эмес майрам уюштуруп берүүгө аракет кылып жатканыбызды түшүндүрдүм. Анда ал чоң-чоң помидорлорду алып, арабаны көздөй алып жөнөдү. Мен алардын балдарга кереги жок болушу керектигин айтсам болбой, берип жатканда: Аллах, Умарга ыраазы бол деп айт деди. Мен унаага баратканда эмнегедир көзүмө жаш толуп, тамагыма бир нерсе туруп калгандай болду. Ооба, биздин динибиз ар башка, бирок алардын ар биринде сүйүү менен кайрымдуулук, сый менен камкордук бар. Рахмат сага, Умар», — деп жазды Ирина Фесенко.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ