Menu

Рамзан Кадыров коргонуучу каражаттардын жетишсиздигине даттанган дарыгерлерди бошотууну талап кылды

Бөлүшүү:

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Гудермес шаарында вирустан коргонуучу каражаттардын жетишсиздигин айтып чыккан дарыгерлерди иштен алууну талап кылды. Бул тууралуу ал өкмөт жыйынында билдирди.

Кадыров: “Чагымчылдарды бошотуу керек. Бизде баары жетиштүү – жабдуулар, костюмдар, беткаптар, кислород, медикаменттер бар. Биз тескерисинче, башка аймактарга жардам бере алабыз”, – деген.

Буга чейин соцтармактарда тараган видеолордо коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптар менен иштеп жаткан дарыгерлер жеке коргонуучу каражаттар жетишпей жатканына нааразы болушкан. Мындан соң оорукананын башкы дарыгери жана нааразы болгон медиктердин бири жумуштан бошотулган.

Мамлекеттик “Грозный” телеканалы Гудермес шаарындагы дарыгерлердин нааразылыгын “негизсиз дүрбөлөң”, ал эми акциянын катышуучуларын “чагымчылдар” деп атаган. Сюжетте бир кампа толо коргонуучу каражаттар көрсөтүлгөн. Кийинки күнү эле эки дарыгер жана үч медайым коргонуучу каражаттардын жетишсиздигин айтып чыгышканы үчүн кечирим суроого аргасыз болушкан. Мындан тышкары алар бир дарыгер вирустан өлгөнү жалган экенин да белгилешкен.

Соцтармактардын колдонуучулары медиктер бийликтин кысымы менен кечирим суроого аргасыз болгон деп эсептешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: