Menu

Акылбек Жапаров: “Россиядан насыяга алынган $260 млн Россиянын банктарында эле калып, бирөөлөр иштетип жатат, кыргыз тарап аны албай жатканы табышмак”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат.

“ЕАЭСке кирип жатканда биз кыргыз-орус фондуна 500 миллион доллар алганбыз. Бул акча каражаттын канчасы калды, калганын эмне үчүн алып келе албай жатасыңар? Экинчиси дагы 500 миллион долларды 1 процентке чейин Евразиялык өнүктүрүү банкынан же антикризистик фонддон алат элек. Кимдин шалаакылыгынан бул акча каражатты ала албай жатасыңар?”, – деп сурады депутат Акылбек Жапаров.

“Орус-кыргыз фонду боюнча, ал жердеги 500 миллион доллардын ичинен 260 миллион доллардай жана чет өлкөдөгү башка уюмдардын баалуу кагаздарында салынганы боюнча бар маселе бар. Калгандары Кыргызстан экономикасында иштетилип жатат. Алар боюнча өкмөттө бул маселелер түрдүү варианттар менен каралып жатат. Ал эми экинчи маселе Евразиялык өнүктүрүү банкы бүгүнкү күнгө чейин биздин үлүшүбүз 290 миллион доллардын тегерегинде. Биз азыр алардын бардыгын, жаңы даярдалып жаткан долбоорлорду кошуп эсептегенде андан ашык сумманы сурап жатабыз. Ал эми иштетилип жатканы 250 миллион доллардын тегерегинде. Дагы кошумча 100 миллион долларга бюджеттик колдоого кредитке биз макулдашууга алдык”, – деп билдирди Каржы министринин өкүлү.

Акылбек Жапаровдун айтымында, 260 миллион долларды Орусиянын ар кайсы банктарынан кыргыз тарап ала албай жатышат. Эмне үчүн ала албай жатканы мен үчүн табышмактуу дейт.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: