Menu

Коалиция кимге керек?

Бөлүшүү:

Дээрлик бир жумадан бери парламенттеги КСДП фракциясы коалициялык көпчүлүктү куроо үчүн фракциялар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Саясий серепчилерден тартып, ошол жердеги депутаттарга чейин эле көзү ачыктык кылып, “Көпчүлүк коалиция КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” фракцияларынан куралат” деп саймедиреп жатышкан.

Бирок андай болбой калды көрүнөт. Себеби “РАЖдын” лидери Өмүрбек Бабанов кечээки парламент жыйынында “Иса Шейшенкулович, каалаганыңыз менен коалиция түзө бериңиз, биз кирбейбиз. Бирок Конституциялык мыйзамды колдоп беребиз” деп баарын “шок” кылды. Албетте, Өмүрбек Бабанов муну менен коомчулукка “Мен эптеп эле коалицияга кирүүгө жан талашкан жокмун, менин өзүмдүн салмагым бар, дымагым бар, ошого жараша иш кылам. Кааласам кирем, каалабасам кирбейм, мен өзүмдү-өзүм эле билем…” дегенди көргөзгүсү келди.

Ал арада “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев чыгып, парламенттеги алты фракциянын бешөөнү өзүнө имерип алгандай түр көрсөтүп, коалицияга эч ким кирбесин, коалицияны бузгандар аны кайра курай албасын айтып, “Эртең ким “лох” болот көрөбүз!” – деп кекээрлей үн катты.  Андан соң “бирболчулар” коалиция куроо боюнча расмий сүйлөшүүлөр боло электигин каңкууласа, “Кыргызстан” фракциясы да КСДП менен толук макулдашып бүткөнүн же бүтпөгөнүн айтпай, тымпыйган абалда отурат. “Өнүгүү-Прогрес” болсо башында эле “өгөйлөнүп” калганын, коалицияга кирүүгө макул болбой турганын айтып, “убара болбогула” дегендей ишарат көргөзгөн.

Ошентип ушул тапта Жогорку Кеңештеги беш партия тең коалицияны курап, өкмөттү түзүү жалгыз гана КСДПга керектей мамиле жасап, сынай карап турушат. Бирок түшүнгөн кишиге бул менменсинүү алардын кыйындыгын, саясий салмагын, көз карандысыздыгын далилдеп, абройлорун арттырып жаткан жок. Тескерисинче бүгүн саясий партиялардын баары саясий чайкоочулук менен ооруп, өлкө кыйын кырдаалда турганда “жабыла көтөргөн жүк жеңил” дегендей биргелешип, ынтымак менен эртелеп өкмөттү күчүнө киргизели, кыш келатат, артынан эле жаз болот, ансыз да бюджетти ири айырма менен кабыл алдык эле, элди ойлойлу дебегенин көргөздү. Же калппы?

Бирок кыргыз бекеринен “керкисинде да, кемтигинде да бар” деп айтпагандай, коалиция куроо маселесинде КСДПнын да кемчиликтери бар. Анткени алар Конституцияны өзгөртүү жана референдум боюнча мыйзамды кабыл алуу учурунда көп эмоцияларга алдырып, мыйзамды кабыл алуу үчүн башка фракцияларды өзүнө душман кылып алды. Эгер, КСДП өлкө башчысы ана анын жүргүзүп жаткан саясатын өзүнө коюп, фракция өз алдынча башка партиялар менен гумандуу саясат жүргүзүп, үстөмөндөбөй тең салмактуулукту сактап, фракцияларды ар кандай эски саясатчыларга жабыштырбай, ар кайсы кинелерди коюп комиссия түзмөйдү баштап жибербей, ийкемдүү саясат жүргүзө алганда азыркыдай арасат абалга дегеле кептелбейт болчу.

Кыскасы ушул тапта парламентте өтө чыңалуу күч болуп турган чагы. Эгер белгиленген мөөнөт ичинде КСДП коалицияны курай албай калган күндө деле кийинки мандатты алган фракцияга оңой болбойт. Анткени “КСДП жок болсо эле болду, калганыбыз бириге калалы” деген маанай азырынча байкалбайт. Анткени буга чейин булар бири-бири менен кырды бычак болуп бүткөн болчу. Демек өчөшүүнүн аркасы өздөрүнүн таркап кетүүсүнө эле эмес, бели бекчейип, көзү чекчейип турган өлкөнү мындан да терең кризиске алып келүүсүн эстерине алганы оң…

Тынчтык Алтымышев

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: