Алмаз Атамбаев менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралы КР президенттик аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.
Телефондук сүйлөшүүдө эки мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгынын маанилүү маселелерин жана өз ара аракеттенүүлөр перспективасын талкуулашты.
Ошол эле күнү Нурсултан Назарбаев Өзбекстандын президентинин милдети аткаруучу Шавкат Мирзиеёев менен да телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн Акорда кабарлады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ