Menu

Кыргызстан менен Иран соттолгон адамдары өткөрүп берүү чараларын макулдашууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “2015-жылдын 5-сентябрында Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасы ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашуу эки мамлекеттин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтыгын андан-ары чыңдоо максатында жалпы кабыл алынган эл аралык принциптерине ылайык келип, өз ара урмат көрсөтүү, эгемендик жана тең укуктуулук менен өз ара пайда көрүү принциптерин сактайт.

Андан тышкары, колдонулуудагы улуттук жана эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча бул Макулдашуунун ченемдери колдонулуудагы ченемдик-укук актыларга каршы келбейт.

Бул Макулдашуу соттолгон адамдарды өз ара өткөрүп берүү, жазаны мындан ары өтөө үчүн эркинен ажыратуу маселелери боюнча кызматташууга  мүмкүндүк берет. Макулдашуунун  жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан бардык пикир келишпестиктер кеңешүү жана сүйлөшүү жолу менен чечилет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: