Menu

Нооруз Алымбаев, ырчы: “Үнүмдү бир калыпта сактоо үчүн эртең менен бал жейм”

Бөлүшүү:

Шоу-бизнес чөйрөсүндө өзгөчө этно стилдеги “Көк жөтөл” аттуу чыгармасы менен аты таанылган таланттуу ырчы Нооруз Алымбаев сахнага жаңы стилде чыгууга белсенип турган чагы. Үй-бүлөсү жана чыгармачылыгы туурасында ырчы менен азыноолак кеп курдук.

Нооруз, акыркы күндөрү көрүнбөй кеттиң, учурда эмне менен алексиң?
– Туура, чыгармачыл инсандар тез-тез чыгып, жаңы эмгектери менен кубантып турбаса сахнадан алыстап кеткендей көрүнүп калат экен. Учурда улуттук филармониядагы “Ак Марал” бий ансамблинде иштеп жатам. Андан сырткары шаарыбыздын кафелеринин биринде ырдайм. Ошондой эле чыгармачылык менен да алек болуп “Сагындым” аттуу ырыма клип тартуу алдында турабыз. “Көк жөтөл” аттуу чыгармам этно стилдеги казактардын элдик ыры. Мага негизи эстрадалык ырлар жагат. Буюрса, репертуарымды өзгөртүп, эстрада стилинде ырдап чыгуу планда бар. Чыгармачылыктагы тыныгуумдун себеби да ушул.
– “Көк жөтөл” аттуу өзгөчө чыгармаң жаңы чыкканда ата-энең, эл кандай кабыл алды эле?
– Ата-энем жакшы кабыл алышкан. Себеби, бала кезимден эле музыкага ышкыбоз жан элем. Бул чыгармам кичинекей балдардан баштап чоң ата, чоң апаларга чейин жакты окшойт. Анткени тойдон байкачумун ыр башталганда эле эжелер, байкелер тура калып бийлей башташат. Ырдап бүткөндөн кийин да кичинекей баласын алып келип “менин балам сенин ырыңды жакшы көрөт, бийлеп ырдайт” дегендер көп кездешчү. Жөтөлүп ырдаш мен үчүн чынында эле оор. Тамак оорубай турган кезде эле кечке жөтөлө берсең кадимкидей тамагың ооруп калат. Үнүмдү бир калыпта алып жүрүү үчүн муздак ичпегенге аракет кылам жана эртең менен бал жейм.
– Бала кезиңде кайсы кесипти кыялданчу элең?
– Кыялым көп болчу. Ырчы, актер, космонавт, боксер, президент болгум келчү. Бирок чоңойгон сайын оюң, көз карашың өзгөрөт экен. Негизи Ата журт жагымдан чыгармачыл адамдар жок. Атам гана жаш кезинде аккордеон ойночу экен. Бирок апам тараптан чыгармачыл инсандар көп. Апам да комузду катыра чертип, мыкты ырдайт. Ошол себептенби, убакыт өткөн сайын музыкага болгон сүйүүм күч алып, 16 жашымда кафелерде ырдай баштагам. Ал эми чоң сахнага 23 жашымда чыккам. Музыкалык аспаптардан фортепианодо, гитарада ойнойм. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин бүтүрүүчүсү болом. Ал эми репертуарымда төрт ыр, бир клибим бар. Ыларымдын көбү сүйүү темасында.
– Үй-бүлөң туурасында да айтып берсең?
– Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсүмүн. Бир эжем, эки агам бар. Атамдын аты Алымбай, апамдын аты Айнура. Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында төрөлгөм. Жашым 25те. Үйдүн кенжеси болгондуктан эрке болуп өстүм. Бала кезде өз оюмду бербеген өжөр, тентек бала элем. Балдар менен мушташып эле жүрчүмүн. Адилет деген байкем экөөбүздүн ортобуз бир эле жаш болгондуктан бири-бирин колдоп жүрсүн деген ниет менен бир класска берип коюшкан. Эгиз козудай ээрчишип жүрүп чоңойдук. Бизди көргөндөр эгиз деп ойлошчу экен. Учурда ата-энем менен бирге Бишкек шаарында турам.
– Чыгармачыл чөйрөдөгү устаттарыңды атай кетсең…
– Мага сабак берген ар бир агайымды устатым деп эсептейм. Аттарын атай кетсем, Эржан Мусин, Вячеслав Геннадьевич Полицин, Улукмырза Полотов, Сталбек Жунушалиев жана башка агайлар. Чыгармачыл чөйрөдө жүрүшүмө аталган агайларымдын салымы чоң. Учурдан пайдаланып бардыгына ыраазычылыгымды билдирем. Атайын кумир тутпайм. Бирок суктанган адамдарым өтө көп. Мисалы, Чыңгыз Айтматов, Майкл Жексон, Махатма Ганди ж.б..
– Продюсериң Канат Кадыржан менен дагы деле иштешип жатасыңбы?
– Канат Кадыржан менен бир жылга эле келишим түзүлгөн. Учурда ал келишимибиз аяктап, өз алдынча эмгектенип жатам. Бирок ушул күнгө чейин акылдашып, байланышып турабыз. Мамилебиз абдан жакшы. Канат байкеме да ыраазычылыгымды билдирем.
– Учурда депутаттар экинчи аял алууну мыйзамдаштыруу демилгесин көтөрүшүүдө, буга кандай карайсың?
– Мага бир эле аял алган жагат. Негизи ар бир адам ар кандай үй-бүлөдөн тарбия-таалим алат эмеспи. Жаш курагына карабай ошого жараша үй-бүлө күтүшөт дегендей. Эң негизгиси жоопкерчиликти сезип калганда үй-бүлө күтсө туура болот деген ойдомун.

Назима ЖУМАЕВА

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: