Алмаз Атамбаев кечээ, 11-октябрда «К.Б.Базарбаев жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1 бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматынан бошотулсун.
Жарлык кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
Эсиңиздерге сала кетсек, Кудайберген Базарбаев Жогорку Кеңеште башкаруучу коалицияга кирген “Ата-Мекен” фракциясынын квотасы менен министрликке шайланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ