Menu

Бишкекте административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиялардын судьялары үчүн семинар өтүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби 2016-жылдын 14-15-ноябрында «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» деген аталыштагы семинар өткөрүүдө. Бул тууралу КР Жогорку сотунун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Семинарга Бишкек шаардык сотунун жана облустук соттордун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын жана райондор аралык соттордун 18 судьясы катышууда.

Иш-чаранын лекторлору – Чинара Садырова, Бишкек шаардык райондор аралык сотунун судьясы, Эрмек Иманалиев – «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» GIZ Программасынын эксперти, «Коомдук укук институту» коммерциялык эмес мекемесинин башкармалыгынын төрагасы (Кыргызстан), Сандра Хорина,  «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоорунун негизги эксперти.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окуу залында өткөрүлүүдө.

Семинар өлкөбүздө жүрүп жаткан сот реформасынын алкагында, “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программаны ишке ашыруу максатында, Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы жана Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун колдоосу менен өтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: