Кыргызстанда таажывирусунан улам дагы 2 адам көз жумду. Жалпысынан 4 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде билдирди.
Республикалык штаб жаңы катталган учурлардын бирөөсү тууралуу маалымат таратты.
“Таажывирусунан каза тапкандардын бири – Ош шаарынын тургуну оорулуу менен байланышта болгон. Анын жубайы менен эжеси чет өлкөдөн кайтып келишкен, эжесинен таажывирусу аныкталган. Бирок ал өзүн жакшы сезип, анда оорунун белгилери да болгон эмес. Ал эми эркек киши байланыштан кийин илдетке чалдыгып, көз жумган. Үй-бүлөнүн дагы бир нече мүчөлөрүнөн таажывирусу аныкталган” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 216 адам таажывирусун жуктуруп алган. 33 адам илдеттен айыгып, 4 жаран оорудан улам көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ