Menu

Садыр Жапаров, президенттин милдетин аткаруучу: “Парламенттик шайлоо май айынан кечиктирилбестен өткөрүлөт”

Бөлүшүү:

Парламенттик шайлоо май айынан кечиктирилбестен өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Ал парламенттик шайлоону эмнеге жылдырылганын айтып берди. Анын айтымында, элдин талабы партиялык системаны жоюу болгон.

«Биз декабрь айында парламенттик шайлоону кайталап өткөрүшүбүз керек болчу, бирок мен бул жөнүндө олуттуу ойлондум. Партиялык системаны жоюуну эл талап кылып жаткандыктан, биз мындай жол менен кетпешибиз керек. Ошондуктан, эртеси фракциялардын лидерлери менен кеңешип, мыйзамды бузбоо максатында, кайрадан шайлоо өткөрүү күнүн жылдыруу үчүн жаңы мыйзам кабыл алдык. Конституциялык реформаны жүргүзүп, системаны өзгөртүп, март-апрель айларында парламенттик шайлоону өткөрүү керек. Май – акыркы мөөнөт», – деди Жапаров.

Ал ошондой эле шайлоо добуш сатып алуусуз жана административдик ресурстарды колдонбостон өтөт деп ишендирди.

«Мыйзамда добуш сатып алуу жана добуш сатканы үчүн адам 2,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн деп так жазылган. Мыйзам бузууларды алдын алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына процессти катуу көзөмөлгө алуу боюнча буйрук беребиз», – деди Жапаров.

Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык болуп, БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Парламенттик шайлоо кайра 20-декабрга белгиленген. Бирок ал дагы жылдырылды. Ал эми президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: