Талант Мамытов трибунадан сөз сүйлөп, кесиптештерине ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
“Абал татаал, бюджет маселеси, эпидемиологиялык абал, жалпы саясий кырдаалды эске алганда, бүгүнкү күнү сиздердин колдооңуздар керек. Кудай буюрса, мен сиздердин ишенимиңиздерди актайм. Келгениңе эмес, кеткениңе сүйүн деген жакшы макал бар. Бул кызмат келип-кете турган нерсе. Ал эми намыс деген түбөлүк болот. Бул тарых, муну биз жазып жатабыз. Беш жыл ичинде каталар жана сындар болду, бирок жетишкендиктер дагы болду, парламентте биз коррупция маселелерин көтөрдүк, саясий маселелерде чечкиндүү чечимдерди кабыл алдык. Ал эми азыркы мезгил – өзгөчө мезгил. Ушул кырдаалдан чыгып кеткенге силер мени колдоп беришиңерди суранам. Калыс акыйкат иштеп бергенге убада берем”, – деди ал.
Ошондой эле, Канат Исаевге татыктуу кызматы үчүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыздын салты боюнча ага ак калпак, чепкен кийгизди. Ошол эле белекти ал Дастанбек Жумабеков менен Мыктыбек Абдылдаевге берди.
Эскерте кетсек, Канат Исаев президенттик шайлоого катыша тургандыгына байланыштуу бүгүн спикерликтен кетти. Анын ордуна жалгыз талапкер – “Республика – Ата-Журт” фракциясы көрсөткөн Талант Мамытов болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ