Menu

Депутат аты болбосо, дегеле аны ким тааныйт

Бөлүшүү:

Биздин айрым депутаттарды көрүп олтуруп балыктар да сүйлөп ийгиси келет, чиркиндики. Тимеле даават угуп аткансып же биринчи класстын баласынан бетер башкаларды кунт коё угуп эле олтура берген депутаттарыбыз арбып баратат. Маселен, Жогорку Кеңештеги «Өнүгуү» фракциясынын депутаты Абдыкапар Султанов деген депутат бар узун-туурасы бирдей болгон. Балык эй, кадимки эле тымпыйган балык. Бир жолу да олуттуу маселе көтөргөнүн көрө элекпиз. Эл өкүлү болуп эмне максат менен олтурганы белгисиз. Мына ушундай саны бар, сапат дегенден түшүнүгү «нөлдөрдүн» айынан мыйзамдарыбыз чала, чийки болуп атпайбы. Султановду эл тургай Жогорку Кеңештеги депутаттардын айрымдарынан сурашса, «аа, ошондой бирөө бар окшойт да»-дешет экен. Бул эмнени айтат? Бул деген Абдыкапар Султанов деген бирөө мамлекеттин маанилүү, күрөө тамыры болгон бутагында ит бекер олтурганын айтат. Болбосо элге керек, мамлекетке зарыл маселелерли көтөрүп, мыйзамдарды иштеп чыкпайбы. Колунан келбейби, анда эл жүгүн жүдөп-какабастан, тыкылдап көтөрүп кете ала тургандарга бербейби?

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: