20-ноябрда Лондондогу толук ыйгарымдуу элчибиз Эдил Байсалов Улуу Британиянын Королевасы Елизавета Экинчиге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу 20-ноябрда элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Букингем сарайындагы салтанатта Эдил Байсалов мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун, өкмөттүн, бүтүндөй кыргыз элинин атынан калоо-тилектерин айтып, байыркы кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн символу катары кыргыз шырдагын тартуу кылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ