Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында Турдакун Усубалиевдин музейинин жана эстелигинин курулушуна капсула салды.
Премьер-министр ошондой эле Комсомол айылында С.Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объекттерге барды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ