Бөйрөк алмаштырып, мыйзамсыз иш алып барган башкы дарыгер эки айга камалды. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары жазып чыкты.
Алардын билдирүүсүнө караганда, Чымкент шаардык № 1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбай камакка алынган. Анын бөгөт чарасы 20-ноябрда Нур-Султан шаардык сотунда каралып, “чет өлкөлүктөргө бөйрөк алмаштыруу боюнча мыйзамсыз операцияларды жасаган” деген айып тагылып, камакка алуу чечими чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ