Menu

Милиция: Ысык-Ата районунда массалык мушташ болгон эмес, жаңжал мас абалдагы кошуналардын түшүнбөстүгүнөн улам келип чыккан

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-сентябрда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы Ысык-Ата районунун Жээк айылында болгон окуя боюнча билдирүү таратты.

Алардын айтымы боюнча, Жээк айылында жаңы көчүп келген үй-бүлөдөн улам массалык мушташ болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Массалык мушташ болгон эмес, жаңжал үй-бүлөлүк негизде, түшүнбөстүктөн улам келип чыккан.

Такталгандай, 20-сентябрда саат 22: 29да Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө аймактык ооруканадан 32 жаштагы Э.У. бычактан жаракат алып жеткирилгендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Факт “Бейбаштык” беренеси боюнча катталган. Ысык-Ата РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, ал жерде бир катар фактылар аныкталган.

Маалым болгондой, 20-сентябрда Ысык-Ата районунун тургуну 26 жаштагы К.Ж. уулунун туулган күнүнө карата көчөдө кошунасы менен спирт ичимдигин ичип алган. Эркектердин ортосунда “түшүнбөстүк” пайда болгон, алардын ортосунда уруш үйдө уланган, ал учурда К.Ж. үйүндө коноктор бар болуп, туулган күндү майрамдап башташкан. Коңшулардын ортосунда сөздөн улам чыр чыгып, жаңжалга айланган.

“Алынган маалыматтарга караганда, жаңжал тургундар мас абалында болгондуктан келип чыккан. Массалык мушташ болгон эмес. Бул окуянын кесепетинен үй ээсинин жашы жете элек 13 жаштагы уулу Э.К. 32 жаштагы У.Э. жана 26 жаштагы К.Р. ашкана бычагы менен бычактап салган. Алардын бири ооруканага, экинчисине амбулатордук жардам көрсөтүлгөн” – деп айтылат маалыматта.

Бычак сайуу фактысы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, Ысык-Ата РИИБ бейбаштык боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

“Мындан тышкары, окуя учурунда белгисиз адамдар бир нече унаанын айнектерин сындырганы белгилүү болду. Бул факт  дагы катталган. Бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуянын бардык жагдайлары такталууда” – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Ата районунда массалык мушташ болуп, алты адам ооруканага түшкөнү айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: