Menu

КЭР төрагасы Си Цзиньпинь Кыргызстанга мамлекеттик визити менен 2019-жылдын июнь айында келет

Бөлүшүү:

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь Кыргызстанга мамлекеттик визит менен 2019-жылдын июнь айында келет. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин 28-апрелде Пекинде жолугушуусунда белгилүү болду.

“Өткөн жылы Сиздин Кытайга болгон биринчи мамлекттик визитиңиз ийгиликтүү болду. Биз кызматташтыгыбызды стратегиялык өнөктөштүк денгээлине чыгарууну жарыялаганбыз. Биргелешкен аракет менен эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жатат, мен буга абдан кубанычтамын. Мен сиздин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө чакырууңузду кабыл алдым,” – деп белгиледи Си Цзиньпинь.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков 25-28-апрелде башка мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн жетекчилери менен бирге КЭРге “Бир алкак – бир жол” форумуна жана “Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019 көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

Андан сырткары, Сооронбай Жээнбеков КЭР мамлекеттик ишмерлер, ишканалардын жетекчилери жана илимий чөйрө менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: