Menu

ИИМ: Азиз Батукаевдин адвокаты тергөө менен кызматташууну каалагандыгын билдирди

Бөлүшүү:

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу максатында Али Касымов кызыктар тараптан акча каражатын алып, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына берип, ортомчу  катары жүргөндүгү аныкталган. Ошону менен А. Касымов А.Батукаевдердин үй-бүлөсүн профессионалдык жактоочу катары коргоону ишке ашырган эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 31-июль күнү Али Касымов Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн шектелип кармалган.

Ушул жылдын 2-август күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 43-берененин 4-бөлүмү менен 319-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымда тапшырылып, ага карата Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечими камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Шектүү А. Касымов коргоочусу менен бирге жума, 16-август күнү кызматташуу жөнүндө процесстик келишимге келүү жөнүндө өтүнмө каты менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан ага карата бөгөт чарасын өзгөртүү маселелери каралып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: