Кечээ, 20-ноябрда бычак көтөрүп чуркаган баланы 3-4 милиция кубалап жүрүп, араң Ак үйдүн алдынан бир баланын жардамы менен кармашып, колуна кишен тагып, кызматтык машинасына салып, алып кетишкен. Ал баланын убактылуу кармоочу жайга киргизилгени тууралуу бүгүн, 21-ноябрда шаар милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, аталган факт Кылмыш-жаза колексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган адамдын психикалык саламаттыгы текшерилүүдө.
Эске сала кетсек, 20-ноябрда проспект Чүй менен Логвиненко көчөсүнүн кесилишинен бычак кармаган баланы кубалагандар Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери, алардын арасында ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев да болгонун, бычактан милициянын бир кызматкери жаракат алганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кечээ билдирген.
Бул окуяга чейин троллейбуста кол салууга аракет кылган адамдын психикалык абалы жайында эмес экенин жазылган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ