Орусия дүйнөлүк интернетти өчүрүүгө техникалык жактан даяр, бирок жараян оор болот. Бул тууралуу Орусия президентинин интернетти өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешчиси Г.Клименко билдирди. Ал учурда Орусия президентинин жарлыгы менен аткаминерлер үчүн атайын түзүлгөн интернеттин орус сегменти иштеп жатканын эске салды.
Клименко дүйнө интернетти тескөө жолунда баратканын, Орусия да анын катарында экенин белгиледи. Бирок ал Москва “Түндүк Корея же Куба сыяктуу экстремалдуу варианттарды” колдонбой турганын айтты. Путиндин атайын тапшырмасы менен иштелип чыккан “Санариптик экономика” программасынын долбооруна ылайык, 2024-жылы 95 пайыз тариф орусиялык желе аркылуу өтүүгө тийиш. Мындан тышкары чет өлкөлүк программалык камсыздоолорду 10 пайызга чейин кыскартуу каралган. Быйыл Рунеттин коопсуздугун камсыздай турган система ишке кириши керек.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ