Аналитиктер 2020-2021-жылдары Кыргызстандын экономикасы жылына 3,4 пайызга өсүп турат. Бул тууралуу Евразиялык өнүгүү банкынын аналитикалык иштер боюнча дирекциясы даярдаган өлкө боюнча макроэкономикалык баяндамасында айтылат.
“219-жылы алтын өндүрүү калыбына келип, экспорттун көлөмү көбөйүп, Ички дүң продукт 4 пайызга көбөйдү. Бул 2019-жылдын апрелиндеги божомолдун баа берүүсүнө туура келди”, – дейт аналитика боюнча директор Андрей Фалилеев.
Дүйнөдө дан менен этке болгон баа өсүп жатканда, инфляциянын жайлаган тендециясы байкалган. Азык-түлүк эмес корзина былтыркыга салыштырмалуу өзгөргөн эмес. Сомдун АКШ долларына болгон куну да туруктуу.
“Кыргызстандын экномикасы үчүн сырткы шарттардын начарлашы коркунучтуу. Эң биринчи кезекте дүйнөлүк экономика менен сооданын өсүшү төмөндөп жатат. Бул тышкы соода менен акча которууларга таасирин тийгизет. Ошондуктан инвестиция тартуу менен эмгек өндүрүшүн жакшыртуу зарыл”, – дейт эксперт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ