Menu

Осмонбек Артыкбаевди кимдер «качыргысы» келүүдөө?

Бөлүшүү:

Артыкбаевди абалы оордугун билип туруп моралдык-психологиялык кысымга өткөн ким? “Артыкбаев качып кетти” деген кабарды кечээтен бери кимдир бирөөлөр максаттуу түрдө масштабдуу көлөмдө таратууга өтүшкөндөй. Болбосо, анын жактоочусу, өлкөдөгү эң абройлуу кардиологиялык борбордон бейтаптын мында жаткандыгын расмий билдирип жатышат го?! Же аларга сөзсүз эле Артыкбаевдин абалы оорлоп, аппарататта алдан тайып жатканын тасма тартып көрсөтүү керекпи? Анан ал сүрөттөрдү таратып, “мына, ал анткорлонуп жатат, ушуну көрмөк, Осмонбек оорудан айыкпай калышы да мүмкүн” дедиртип, табалап тургусу келишеби? Албетте, мунун баары азыркы бийликке көө сүйкөп, “тигине, Соке коррупционерлерди чекесинен бошотуп жатат, жең ичинен сүйлөшүп жатат” деген боёкту сүртүү максатында жасалып жатканын эл туюп эле турат. Экинчи жагынан, алардын максаты Артыкбаевге моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү, үй-бүлөөсүн ар кандай мыйзамсыздык, айласыздык жагдайларга түртүү. Муну сокур деле баамдап турат. Ошондуктан, мындай ыплас технологияны колдонуучулардын авторун деле алыстан издебешибиз керек. Алар белгилүү. “Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп” койгондор айла кеткенде Артыкбаевди бутага алып жатат да.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: