Menu

“Акыркы коңгуроо” мектептердин короосунда гана болот

Бөлүшүү:

«Акыркы коңгуроо» боюнча буйрук чыгарылып, ар бир мектепке жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринини орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, ар бир мектеп жетекчилиги менен түздөн-түз чат иштеп жатат. Эгерде буйрукка баш ийбегендер болсо, эмгек кодексинин алкагында түшүнүк кат алынып, мектеп жетекчилигине, өткөрүүгө жооптуу кызматкерлерге чара көрүлөт.

«Акыркы коңгуроо» 25-майда өтөт.

Надира Жусупбекова «Акыркы коңгуроо» иш-чарасын дагы башка форматта өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

«Мектептин короосунда гана жакшы маанай менен өтсүн деп түшүндүрүп жатабыз. Бизге WhatsАрр аркылуу кайрылгандар болсо, өз убагында чечкенге аракет кылып жатабыз. Маселен, апрель-май айында 72 кайрылуу келип түшкөн. Алар дароо чечилип, түшүндүрүү иштер жүрүүдө», — деди министрдин орун басары.

Мындан тышкары, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жакында Акыркы коңгуроо боло турганын эскертип, ата-энелер менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кайрылды.

Анда Акыркы коңгуроо — бул балдардын майрамы экени, ал арак-шарап, баңгизат жана укук бузуу менен коштолбошу керектиги жазылган. ЖКККББ эң биринчи кезекте ата-энелерге кайрылып, балдардын коопсуздугу биринчи кезекте алардын мойнунда экенин белгилеген.

Андан сырткары, ата-энелерди, түрдүү жол кырсыктарына кириптер болбошу үчүн балдарына автоунаа бербөөгө чакырат.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: