Menu

Тажикстандын президенти дыйкандарды башка мезгилде орозо кармоого чакырды

Бөлүшүү:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө дыйкандарын орозону башка мезгилде кармоого чакырды. Бул тууралуу ал Рамазан айына карата жасаган телекайрылуусунда билдирди.

Рахмон мусулмандар үчүн ыйык эсептелген бул ай быйыл коронавирус пандемиясы күчөп турган учурдан тышкары жазгы айдап-себүү иштерине да туш келгенин белгиледи.

«Ошондуктан биз суу ичпей, тамактанбай, ошол эле маалда оор жумуштарда иштеп, ден соолугубузга зыян алып келбешибиз керек. Анткени бир күн бою ачка жүрүү иммунитетти начарлатып, жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу тобокелдигин жогорулатат», — деди президент.

Рахмон өлкөдө коронавирус жуктуруп алган бир дагы учур катталбаганын белгилеп, жарандарды «тазалыкка, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана жалпы коомдун саламаттыгын сактоого өзгөчө көңүл бурууга» чакырды.

Тажикстандын президенти 2019-жылы «өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн» Рогун ГЭСинин куруучуларын орозону башка мезгилде кармоого чакырган.

Быйыл Борбор Азия өлкөлөрүндө Рамазан айы 24-апрелде башталат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: