Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева билим берүү системасына олуттуу реформаларды жасай алган жок. Кудайбердиева Кудай үчүн кыймылдап койсо болот эле дешет карапайым мугалимдер. РайОНО деген балээ бар эмеспи региондордо. Ошолор карапайым мугалимдердин айлыгына кол салганы аз келгенсип, андан сырткары ар кандай буюм-тайымдарга салык да салышат экен. Бул кызматты жоюп салыш керек. РайОНО деген жөн гана акча жемей деген сөз. Бул багытта чечкиндүү кадамдарды жасай албагандан кийин Билим берүү министри болуунун кажети деле жок. Ошол себептүү Кудайбердиева отура бербей кыймылдаш керек. РайОНО дегендердин өпкөсүн үзүп алыш керек. Ошондо гана билим берүү системасында тартип болот.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ