Республика боюнча сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кечээ, 9-январь күнү билдирди.
Малыматтарга караганда, 2020-жылдын биринчи жумалыгына карата сасык тумоого чалдыккандар 27,4%га азайган.
Курч респиратордук вирустук инфекциялар көбүн эсе 14 жашка чейинки курактагы балдар арасында катталып, ооруга чалдыккандардын ичинен 67% түзөт.
Сасык тумоо менен ооруган бейтаптардын анализдери лабораториялык текшерүүдөн өткөрүүдө, тандалып алынган 370 анализдин 40,2 %ында сасык тумоонун вирусу аныкталган, анын 56,4%да В тибиндеги сасык тумоонун вирусу жана 43,6%да А H3N2 тибиндеги сасык тумоонун вирусу аныкталды.
“Учурда Үй-бүлөлүк медициналык борборлору иш күндөрү жана ишемби, жекшемби күндөрү саат 8.00дөн 18.00гө чейин бейтаптарды кабыл алышат. Ал эми, дарыгерден кеңеш алуу үчүн 103; 18-33 номерлери күнү-түнү иштеп жатат” – деп айтылат билдирүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ