Бүгүн, 9-январда УКМКнын имаратында «Мыйзамдагы ууру» аталган кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча кылмыш иштин көчмө соттук отуруму улантылды. Айыпталуучулардын бири — мурунку президент Алмазбек Атамбаев.
Адвокат Сергей Слесаревдин айтымында. Атамбаевди сот отуруму башталганга чейин сот залына алып келишкен. Ал судья келгенде, сот отурумга катышпоо үчүн залдан чыгууга аракет кылганда, анын астын конвой тоскон. Ал ага баш бербей, сот залынан чыгып кеткен. Анын андай кылыгынан кийин, ал сот залынан чыгып кеткенден кийин, сот Атамбаевди сот залынан чыгаруу тууралуу токтом чыгарган.
Сот отуруму 14-январга жылдырылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ