Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду 60 жаш мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.
Өз куттуктоосунда Владимир Путин Сооронбай Жээнбековдун эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө кошкон салымы чоң экенин белгилеген.
“Кыргызстандын президенти чынында мекендештери арасында чоң сый-урматка ээ, ошондой эле чет мамлекеттерде дагы жогорку кадыр – барк менен колдонот,” – деп билдирген ал.
“Биздин мамлекеттер арасындагы алакаларды чыңдоодо жана стратегиялык мамилелерди курууда, евразиязиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди жүргүзүүдө сиздин салымыңыз чоң, мындан ары дагы өлкөлөрүбүз ортосундагы жана эл аралык аренада конструктивдуу диалогду жылдырууну колдойбуз деп ишенем,” – деп белгилеген Владимр Путин.
Путин Жээнбековго бекем ден-соолук, бакыт-таалай, жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалаган.
Эске салсак, өлкө башчы бүгүн өзүнүн туулган күнүн белгилөөдө. Президент 60 жашка толду.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ