Menu

Видео – Тажик модели Парвина Саидова Пьер Кардендин мааракесине барган жок

Бөлүшүү:
Парвина Саидова
Белгилүү тажик модели Парвина Саидова (Пари) улуу француз модельери Пьер Кардендин 95 жылдыгына арналган Париждеги салтанатка баруудан баш тартты.

Ал 7-июлда Парижге учуп кетиши керек болчу, бирок өзүнүн үйлөнүү тоюна даярдануу үчүн Тажикстанда калып калды. «Жакында турмушка чыгам, мен дайыма карьерадан үй-бүлөнү жогору коюп келгем», – деди Парвина Саидова.

Азырынча анын турмушка чыккандан кийин бул багыттагы карьерасын улантаар-улантпасы белгисиз.

Мартта Парвина Саидова «WORLD BEAUTY ASTANA 2016» сулуулар жана мода фестивалынын финалында “Missis International-2016” номинациясы боюнча жеңишке жетип, белгилүү кутюрье Пьер Карденден чакыруу алган. Анда Парвина улуу модельердин мааркакесине чакыруу алуу ал үчүн чоң сыймык экенин айткан.

Парвина Саидова

Парвина Саидова

27 жаштагы Парвина Саидова беш баланын апасы. Эки жыл мурун эле ал мода дүйнөсүнөн такыр алыс болчу. Жаш айымды дизайнер Хуршед Сатторов байкап калгандан кийин баары өзгөргөн. Ал Парвинаны Одессадагы Мода жумалыгындагы моделдердин тизмесине кошкон. Анда көп балалуу апа дүйнөнүн ар кайсыл өлкөсүнөн чогулган 60 катышуучунун арасынан эң сулуу деп табылган.

https://www.youtube.com/watch?v=m6GIy48KrRk

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: