КРнын Билим жана илим министри Каныбек Исаков Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсендини менен жолукту. Бул тууралуу 5-декабрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Элчи айым Германия Кыргызстан менен кызматташууну кеңейткенге кызыгдар экенин, анын ичинде Кыргызстанда немис тилин өнүктүрүү да бар экенин жашырбады. Ошондой эле Раззаков атындагы КМТУнун өкүлү менен биргеликте кыргыз тилинде IT-технологиялар боюнча китеп жазышканын сүйүнчүлөдү.
Министр Каныбек Исаков билим берүү тармагына көмөк көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билгизип, эки өлкөнүн кызматташуусун мындан ары да өркүндөтүүнү тилек кылды. Эки тарап Германиялык студенттер каникул учурунда немис тилин өстүрүү үчүн Кыргызстанга келип-кетип жатышканын белгилешти.
Азыр Кыргызстандын 10 орто мектебинде немис тили терең окутулуп жатканы да айтылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ