Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматта жалгыздыгын айтты

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду, президент болуп иштей баштагынан бери 1 жыл өттү. Мына ушул даталарга байланыштуу президент 24.kg сайтына берген маегинен үзүндү жарыялайбыз:

-Сооронбай Шарипович, бир тууган ага-инилериңиге байланыштуу Сиздин үй-бүлөнү мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен салыштырып жүрүшөт. Сиздин үч ага-иниңиз бар эмеспи. Кимиси сизге жакыныраак? Анан да коомчулукта көбүнчө Асылбек Жээнбековдун тегерегинде көп айтылат. Кудаңыз Алиярбек Абжалиевди да сындагандар бар. Мисалы, алар айрым саясатчы, аткаминер, же жөнөкөй адамдарга ар кандай иш, маселелерди чечип берем деп убада кылат дешет. Бул боюнча кабарыңыз барбы? Алар менен тез-тез эле сүйлөшүп турасызбы? Деги эле, туугандарыныз Сиздин кандай иштериңизге таптакыр кийлигишпеши керек?

-Биз үйдө он бир бир тууган элек: азыр сегизибиз – төрт кыз, төрт уул барбыз. Бир туугандарымдын ичинен мага кичүү иним Жыргал жакыныраак. Баарыбыз аны жакшы көрөбүз. Кичүү мекенибиздеги короо-жайыбызды, чарбабызды карап, ал айылда жашап жатат. Саясаттан ыраак.

Ал эми Асылбек Шарипович тууралуу ушак сөздөр бар экенин билем. Кимдир бирөө өз оюндагысын иш жүзүнө ашыргысы келип жатса керек. Бизде, бир туугандардын ар биринде дайым өзү гана чечип,  жайгарып, жоопкерчилигин өзү гана ала турган өз иши болуп келген. Асылбектин да депутат катары шайлоочулардын алдында өз милдети бар. Анан калса, туугандарым менин ишиме кийлигишпешине баарынан мурда мен өзгөчө кызыкдармын.

Жогорудагыдай ушак сөздөрдөн улам, менин туугандарыма кайрылбагыла деп, аткаминерлерге өзүм да эскертип келе жатам. Өзүмдүн милдетиме кирген бардык ишти мен өзүм чечем.

Парламент депутаты Алиярбек Абжалиев менин жалгыз кудам. Мына ошол кудалыктын чегинде гана сый мамиледебиз. Ошол. Сүйлөшкөнүбүз деле балдарыбыз тууралуу.

Мамлекеттик кызмат тууганчылык байланыштардан тышкары болушу керек. Бул менин негизги принцибим. Ооба, тууган-туушкандарым менен катташам, жылуу мамиле кылам. А президенттик кызматка келгенде, мен жалгыз, жетиммин десем да болот. Андыктан, президент катары чечимди жеке кабыл алууга гана туура келет. Анткени, анын жоопкерчилиги да жеке өзүмдө. Мен үчүн эч ким жооп бербейт.

Кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: