Menu

Мамлекеттик карыздан толугу менен кутулуу үчүн ар бир кыргызстандык маянасынын 3,04 бөлүгүн бериши керек

Бөлүшүү:

2018-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы сырткы менен ички карызды кошкондо 4 миллиард 364,82 миллион долларды, же 302 миллиард 793,22 миллион сомду түзгөн. Анын ичинде 3 миллиард 764,48 миллион доллар сырткы карыз, ал эми 600,33 миллион доллар ички карыз. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирген.

Маалыматка караганда,  январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча ар бир Кыргызстандын жаранына мамлекеттик карыздан 692,8 доллар туура келет. Бир ай ичинде бул көрсөткүч 4,8 долларга азайган, башкача айтканда, мамлекеттик карыздын жалпы суммасы бир айдын ичинде 30,2 миллион долларга кыскарган.

Кыргызстан сырткы карызынын басымдуу бөлүгүн – 1 миллиард 682,59 миллион долларды мурдагыдай эле Кытайдын экспорт-импорттук банкына карыз.

Сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы өлкөнүн Ички дүң продукциясынын 56,2% түзгөн.

2018-жылдын 1-августуна карата өлкөдө 6,3 миллион адам жашайт. Республикадагы орточо маяна – 15 миң 762 сомду түзөт. Демек, мамлекеттик карыздан толугу менен кутулуу үчүн ар бир жаран маянасынын 3,04 бөлүгүн берүүсү керек.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: