Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл Банк» ААК капиталын 1 миллиард сомго көбөйтүү жөнүндө буйрукка кол койду

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун капиталын 1 миллиард сомго көбөйтүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппараттынын маалыматтык камсыздөө бөлүмүнөн кабарлашты.

Бул чечим «Айыл Банк» ААКны мындан аркы өнүктүрүү жана бул финансылык мекеменин мамлекеттик акциялар пакетин натыйжалуу башкаруу максатында кабыл алынды. Бул чара атамекендик агрардык рынокту өнүктүрүүнү шарттайт.

Белгилей кетсек, «Айыл Банк» ААК – агрардык тармакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырган өлкөнүн ири финансылык институттарынын бири болуп саналат, ошондой эле жеке жана корпоративдик кардарларды тейлөөнү, кошумча нарктын чынжырчасын каржылоону жана сооданы каржылоону камтыган сапаттуу банктык кызматтардын толук тизмесин сунуштайт.

Болжолдонгондой, «Айыл Банк» ААК капиталынын көбөйүүсү Кыргыз Республикасынын экономикасынын бүтүндөй агрардык тармагына кыйла оңтойлуу таасир тийгизет, ошону менен бирге ал финансылык-туруктуу жана кирешелүү финансы институту катары өз өнүгүүсүн улантат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: