Кыргызстанга БУУнун аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнөн турган делегация алгач ирет иш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Делегациянын курамына БУУнун 18 өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүндө иш алып барган өзгөчө жана толук ыйгарым укуктуу элчилери, улук дипломатия кызматкерлери кирген. Кыргызстанга болгон сапар өлкөдө демократиялык жана социалдык-экономикалык жаралууларга БУУ тутумунун активдүү катышуусу менен шартталган.
Сапардын максаты – Кыргызстанда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жарандык коом жана донордук бирикмелер менен туруктуу өнүгүүнүн алкагында кызматташтыктын негизи багыттарын аныктоону талкуулоо.
Сапардын жүрүшүндө делегация өкүлдөрү Баткен, Нарын жана Ош облустарында болуп, конкреттүү программа жана долбоорлор менен таанышып, жардам алып жаткан жергиликтүү коомчулук менен жолугушууларды өткөрөт.
Делегация мүчөлөрү өлкөдө ишке ашырылган программа жана долбоорлорду, анын ичинде аймактарды комплекстүү өнүктүрүү чөйрөсү, социалдык жана өндүрүштүк инфраструктураны жакшыртууга көмөктөшүү, соода жана ишкердик, азык-түлүк коопсуздугу, балдарды жана энеликти коргоо боюнча мектепке чейинки жана орто кесиптик билим берүү, гендердик теңчиликти камсыз кылуу, аялдарга жана жаштарга колдоо көрсөтүү, тынчтык куруу жана башкалардын натыйжаларын талдап, баа берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ