Menu

Жалал-Абадда 27 жаштагы жигит баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 27 жаштагы жигит баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрь күнү ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин аймак аралык башкармалыгына Жалал-Абад облусунун тургуну баңгизат сатканы жатат деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. КРнын кылмыш жана жаза кодесинин 267-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки өндүрүштө ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында ири көлөмдөгү баңгизат менен шектүү кармалган. Шектүүнү кармоо операциясы 27-декабрь күнү, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда болгон. Ал баңгизатты сатканы келгенде, аны аймак аралык башкармалыгынын кызматкерлери жеринен кармашкан.

Кармалган жарандын өздүгү такталып, ал Токтогул районун 1992-жылы туулган Э.Н. болгон. Тинтүү жүргүзүлүп, андан 558, 60грамм (51 брикет) нашаа алынган.

Эскпертизанын жыйынтыгында алар баңги каражаттары экени аныкталып, 558, 60грамм “гашиш” экени тастыкталган.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Соттун чечими менен кармалган жаран эки айга камалды.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: