Menu

Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасы: “Жогорку соттун судьяларынын өтүгү $1000, шубасы $5000, минген машинасы $100 миң турат”

Бөлүшүү:

“Жогорку сотто 35 судья бар экен. Бардыгы “Lexus 570″, “Mercedes” жана “Gelandewagen” үлгүсүндөгү жолтандабастарды айдап жүрүшөт. Биз ушинтип айтып жатсак,  кечээ болсо Жогорку соттун бир судьясы үй-бүлөсүн алып Дубайга эс алганы учуп кетиптир. Бул эмне деген акмакчылы?! Ал сотко карата териштирүү иштерин башташты” – деп билдирди кечээ, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында.

“Дубайга 4 адамдын эс алып келгенин эсептесек 15-20 миң доллар болот экен. Сот андай акчаны кайдан алды? Соттун өтүгүнүн баасы миң доллар турат, шубасы $5 миң, минген машинасы $100 миң, жашаган үйү $1 млн турат. Андан сырткары, шаарда батирлери бар. Мына жакында эле кармалган судьянын 20 квартирасы бар экен. Бул эмне деген акмакчылык? Биз буларды тартипке салмайынча, коом оңолбойт. Ар бир сотту текшерип жатабыз. Декларацияда кайсы мүлкү көрсөтүлсө, ошол менен жашайт. Декларацияда ВАЗ-2106 унаасы жазылса, анда ошол унааны айдайт. Эч кандай жолтанбастарды минбейт. Декларацияда 2 бөлмөлүү батир деп жазылса, ошол үйдө жашайт, миллион доллардын хансарайларда жашабайт. Мен муну камсыз кылам. Анткени, бизге социалдык адилеттүүлүк керек. Эч нерсени көрбөй, текшербей, бири-бирибизге тийишпей жашай берсек, анда социалдык адилеттүүлүк болбойт. Биз буга жол бербейбиз” – деди Камчыбек Ташиев.

УКМКнын төрагасы ар бир судьяга, ар бир чиновникке, ар бир депутатка кайрылуу жасап, алардан декларацияда көрсөтүлгөн мүлкүнө жараша жашоону өтүндү.

“Мисалы, депутаттарды алып көрөлү. 100 миң долларлык унааларды айдап жүрүшөт. А декларациясында ал көрсөтүлгөн эмес. Депутаттан “Унаа кимдики?” деп сурашса, “туугандарымдыкы” деп коёт. А тууганы болсо, айылда жашайт, чарбачылык менен алектенет. Анын атына баасы 100 миң доллар болгон “Lexus 570″ жолтандабасы катталган. Депутаттардын бардыгы байлыгын туугандарына каттап, мүлкүн жашырганга көнүп калышкан” – деп кошумчалады ал.

Камчыбек Ташиев чиновниктер мүлкүн башка бирөөлөргө жаздырып, каттоодон өткөргөнү менен изи калып кала турганын, ар бирин текшере турганын белгилеп, аларга мүлкүн сатып каражатын мамлекетке өткөрүүнү сунуштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: